http://kubaaika.ucoz.com/

среда, 15 мая 2013 г.

Бүгүнкү күндүн алмашкыс буюмдары: СКАЙП, БЛЮТУЗ, СЕНСОРДУК ЭКРАН


БЛЮТУЗ ЭМНЕ ҮЧҮН КӨК ТИШ БОЛУП КАЛГАН? Блютуз бул – персоналдуу түйүндөр ичинде электр өткөргүчсүз туташтыруучу каражат. Аны 1998-жылы «Ericsson», «IBM», «Intel», «Motorola», «Nokia» жана «Toshiba» компаниялары биргеликте иштеп чыккан. Англис тилинен кыргызчага «көк тиш» деп которулат («Blue» – «көк», «tooth» – «тиш»). Ал Х кылымда жашап өткөн падыша Харальд Блютуздун лакап атынан аталып калган. Анткени Харальд өз учурунда Даниянын майда урууларын чогултуп, аларга Норвегия, Швециянын башын кошуп бир падышалыкка айланткан. Азыркы биз билген блютуз дагы көптөгөн маалымат каражаттарынын башын бириктирип, бир бүтүнгө айландыра алат.
Блютуздун логотиби скандинавия руналарынан турат.
(хагаль) латынча «Н» (Harald) жана (берканан) латынча «В» (Bluetooth).
Башында блютуздун маалымат берүү ылдамдыгы секундасына 720 Кбит болуп, байланыш аралыгы 10 метрди түзгөн. Бара-бара өнүгүп отуруп, азыр маалымат берүү ылдамдыгы секундасына 3 Мбитке жетти. Бул Блютуздун башка мобилдүү каражаттар менен 100 метр аралыкта байланыш түзүү мүмкүнчүлүгүн камсыздады. Блютуз аркылуу көптөгөн маалыматтарды башка бир компьютерге же телефонго көчүрүүгө болот. Ал үчүн экөөндө тең блютуз программасы иштеп турушу зарыл.
СКАЙП – МЫКТЫ ВИРУС ТАРАТУУЧУБУ? Скайп бул – интернет аркылуу байланыштыруучу бекер программа. Бул программаны колдонуу үчүн интернетке туташкан компьютер жана камера гана керектелет. Программа «Скайп Лимитед» («Skype Limited») компаниясы тарабынан 2003-жылы иштелип чыккан.
Бул программанын жардамы менен жалгыз гана кат, файл алмашуу гана эмес, маектешиңиздин жүзүн экрандан көрүп, үнүн угуп сүйлөшүүгө да мүмкүн. Андан тышкары программада 25 кишиге чейин чогулуп сүйлөшүүгө (конференция) шарт түзүлгөн. Бул программаны тыңшоого алууга жана тыштан көрүүгө мүмкүн эмес. Дал ушул касиети аны күндөн-күнгө популярдуу кылууда.
Дүйнөдөгү вируска каршы белгилүү программанын автору Крис Касперскискайптын көп кабаттуу, шифрленген системадагы кара куту экендигин айткан. Анын пикиринде маалымат алмашуу жабык протокол аркылуу ишке ашкандыктан, аны токтотууга жана тазалоого мүмкүн эмес. Ал мындай кемчиликтери скайпты эң мыкты вирус таратуучуга айландырып жатканын айткан.
СЕНСОРДУК ЭКРАН КАНДАЙ ЫҢГАЙСЫЗДЫКТАРДЫ ЖАРАТАТ?Сенсордук экран бул – экран түрүндөгү маалымат алмаштыруучу координаттык түзүлүш.
Сенсордук экранды биринчи жолу АКШда 1972-жылы «плато IV» компьютердик системасында колдонушкан.
Мындай экран абдан сезгич келип, экранга кол же стилус тиери менен ишке киришет. Стилус бул – атайын сенсордук экранды басуу үчүн ойлонуп табылган таякча. Аны менен иштөөдө экран чийилбейт. Сенсордук экран чөнтөк телефондордо, банкоматтарда, ишкана жабдыктарында да кеңири пайдаланылып келет.
1971-жылы Сэмюэл Херст тарабынан ойлонуп табылган. 1982-жылы «Элографикс»(«Elographics») компаниясы бүткүл дүйнөлүк көргөзмөгө биринчи жолу сенсордук экрандуу сыналгыны чыгарган. Ал эми 1983-жылы «HP-150» аттуу биринчи сенсордук экрандуу компьютер жарыкка чыккан.
Жакшы жактары:Клавишалар жок болгондуктан, экран максималдуу түрдө чоң болот.
Чаң, суу жана башка сырттагы жаман нерселер аппараттын ичине кире албайт.
Жаман жактары:Көп энергияны сарптайт.
Колдун көлө­көсү түшүп, экран толук көрүнбөй калат.

Комментариев нет:

Отправить комментарий