http://kubaaika.ucoz.com/

пятница, 17 мая 2013 г.

Стив Джобс: Потерянное интервью (2012)

Кантип музыка скачать этсе болот


1 Скачиваем браузер Maxthon и устанавливаем его.
2Запускаем браузер, открываем сайт вконтакте.ру или вк.ком и авторизовываемся.

Запускаем композицию, которую хотим скачать.

Во время воспроизведения трека нажимаем на кнопку “Снифер ресурсов” в верхнем правом углу браузера.
В открывшемся окне во вкладке “Аудио” ставим галочку напротив мп3 трека и нажимаем кнопку “Закачать”
Выбираем куда сохранять трек и вводим его название.


Мына болду эми укса болот.

среда, 15 мая 2013 г.

УЮЛДУК ТЕЛЕФОНДУ ВИРУСТАН САКТОО ЖОЛДОРУ


Вирус деп мурда тирүү жандыктардын организминде инфекциялык ооруларды козгоочуларды түшүнүп келгенбиз. Компьютерлешкен заман менен вирус сөзү электрондук техника дүйнөсүнө да өтүп, компьютердин эң негизги душманы болуп калды. Акыркы жылдары компьютер менен тең тайлашкан «акылдуу телефондордун» (смартфон) пайда болушу менен вирустар телефондорго да чабуул жасай баштады. Массалык түрдө жайыла элек болсо да, далай телефон ээлери зыян тарткан учурлар жок эмес. Мына ушул зыянкеч тууралуу сөзүбүздү төмөндө уласак.
УЮЛДУК ТЕЛЕФОН ВИРУСУНУН ТАРЫХЫНАН1999-жылы Ливанда «Чернобыль» деген аталыштагы вирус пайда болду, ал уюлдук телефондорду иштен чыгарат экен» деген ушак тараган. Бирок эч кандай вирус болгон эмес. Ал эми 2000-жылы Испания, Япония жана Германиянын интернетке кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар телефон колдонуучуларынын интернетте онлайн режиминде иштеп жаткан телефондору өзүнөн-өзү чалуу аткарган. Бул алгачкы вирустук чабуул эле.
Мындай чабуулдардан кийин антивирус чыгаруучулар өз ойлорун айтышкан. Антивирустук программаларды иштеп чыгуучу Касперский лабораториясынын жетекчиси Евгений Касперский 2003-жылы интернет-журналдардын бирине берген маегинде «уюлдук телефондорго карата вирустарды чыгара алышпайт, себеби телефондук вирустар алсыз. Бирок келечекте смартфондорго чабуул жасалышы мүмкүн» деген сөзүн айткан.
КАСПЕРСКИЙГЕ ЖООП...Касперскийдин сөзүнөн кийин, тактап айтканда, 2004-жылы 14-июнда аталган лабораториянын электрондук дарегине вирустарды коллекциялаган жана вирустарды ойлоп табуучу Вирус Бастер аттуу испандыктан кат келген. Каттын ичинде caribe.sis. деген аталыштагы файл болгон. Файлды текшергенде Симбиан (Symbian) оперативдик системинде иштеген телефондорго чабуул коюучу вирус экендиги аныкталып, алгачкы телефондук вирус катары таанылган. Вирусту автор блютуз аркылуу жайылтууга ылайыктаган жана аталышын «Кабир» («Cabir») деп атаган. Аны Францияда жашаган жана вирустарды түзүүчү, дүйнөгө белгилүү «29А» группасынын мүчөсү, Валлез деген каймана ат менен таанылган адам түзгөн.
Мындан кийинки чыккан вирустардын саны миңдеп саналат. Алардын ичинен негизгилери жана өтө коркунучтуу деп саналгандары «сөөлжан» жана «троян».
2006-жылдын февраль айында «RedBrowser» аталышындагы жаңы «троян» вирусу пайда болот. Мурда оперативдик системи Симбиан, Виндоус (Windows) менен иштеген «акылдуу телефондорго» гана чабуул жасалса, эми ал жөнөкөй делген Жава (JAVA же J2ME) платформасында иштеген блютузу жана интернетке кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар телефондорго да чабуул жасай баштаган.
Телефон вирустарынын иштери
  • Телефон китепчесиндеги даректерге СМС жана ММСтерди өз алдынча жөнөтөт.
  • Төлөм акысы кымбат номурларга чалууларды аткарат (мисалы, мага чал, таанышуу, музыка жүктөө сыяктуу төлөмү кымбат номурга).
  • Номурларды, файлдарды жок кылып, оперативдик эсти да иштен чыгарат.
  • Сакталган маалыматтардын көчүрмөсүн вирус таратуучу авторго жөнөтүп жиберет (пароль, банктык эсептик номурлар жана башка).
  • Телефондун функцияларын (СМС, оюндар, камера, жана башка) же аппаратты толугу менен бекитип (блокировка) салат.
  • Аккумулятордун зарядын тез-тез түгөтөт.
  • Башкалардын телефондоруна вирусту ошол телефондун ээсинин атынан мүмкүн болгон жолдор менен тарата баштайт (электрондук почта, ВайФай, блютуз, СМС, ММС аркылуу).
Вирустардын жайылышынын себептери
  • Программалык камсыздоонун алсыздыгы.
  • Уюлдук телефондорду колдонууда билимдин жетишсиздиги.
  • Телефон ээлеринин вирустарга анча маани бербегендиги.
  • Бейтааныш файл, оюн, программаларды эмне болду экен деп кызыгып ачып жиберүү.
  • Коргонуунун алдын алуудагы эң жөнөкөй эрежелерди сактабагандык.
Вирус телефонго кайсы жолдор менен кирип кетет?
  • Блютуз аркылуу башка телефондон.
  • ММС жана СМС аркылуу.
  • Компьютерге туташтырганда.
  • Интернет сайттардан.
Вирустун негизги жайылуу жолу – блютуз. Блютузу ачык калган телефондор жанында өтүп бараткан башка телефондон жуктуруп алат. Мисал катары, жеңил атлетика боюнча Финляндиянын Хельсинки шаарында дүйнөлүк чемпиондук өтүп жаткан учурда стадиондо отурган күйөрмандардын арасында «Кабир» вирусу массалык түрдө көз ачып-жумганча тарап кеткен. Вирустарды жоюуга жергиликтүү «Ф-Секюр» антивирустук компаниясынын адистери чакырылган жана алар 20 өлкөдөн келген күйөрмандардын телефондорун вирустан тазалашкан.
Вирус жуккандагы белгилер
  • Бейтааныш файл, оюн, программаны жүктөп, орноткондон кийин телефондун иштөө тартиби бузулат (өчүп-жанат, телефондогу кызматтар ачылбай калат).
  • Экранда белгисиз файлдар, иконкалар пайда болот.
  • Телефондогу функциялар иштебей калат.
КАНТИП ТАЗАЛОО КЕРЕК?Телефонду компьютерге туташтырып, антивирустук программанын жардамы менен өчүрүүгө болот. Өз алдыңызча өчүрүүгө мүмкүн болбосо, анда тейлөө борборунун адистерине кайрылыңыз.
Учурда Симбиан, Андроид, Виндоус оперативдик системи орнотулган «акылдуу телефондорду» вирустардан коргоо үчүн ондон ашык атайын антивирустук программалар бар. Алар вирустардын чабуулунан сактайт. Мындай программаны интернеттен бекер эле көчүрүп, телефонго жүктөп алсаңыз болот. Бишкектин телефон сатуучу жайларында антивирустардын баалары 1000-1300 сом турат. Ошондой эле аталган жайлардан вирусту 200 сомго тазалап беришет.
Вирусту жуктуруп албайын десеңиз...
  • Сөзсүз түрдө антивирус орнотуңуз.
  • Антивирус орнотууга мүмкүн болбогон телефон ээлери файл, оюн, программаларды жүктөөрдөн мурда аны антивирусу бар компьютер аркылуу текшерип алуулары керек (эсиңизде болсун, вирустар көбүнчө оюндардын кейпин жамынып алат).
  • Телефонго бейтааныш номурдан файл тиркелген билдирүү келсе, аны ачпастан өчүрүңүз. Блютуз аркылуу келген бейтааныш, шектүү файлдарды кабыл алуудан баш тартыңыз.
  • Интернетке киргенде бейтааныш программаларды жүктөй бербеңиз.
  • Блютузду керектүү маалда гана жандырып, пайдаланып бүткөн соң дайыма өчүрүүнү унутпаңыз (эгер дайыма жандырып жүрүүгө туура келсе, анда жашырылган (скрытый) режимде колдонуңуз).
СӨЗ СОҢУНДАЖогорудагы коргонуу жолдору 100 пайыздык кепилдик бере албайт. Бирок вирусту жуктуруп алуунун коркунучун төмөндөтөт. Уюлдук телефондордун вирустары азыркы тапта өнүгүү жолунда баратат. Азырынча айрым бир аймактарда жайылып, өтө чоң күчкө ээ болбогондуктан, ошол жерден эле жок кылынып жатат. Бирок алдыдагы жылдарда өтө коркунучтуу вирустардын пайда болору турган иш. Анткени дүйнө жүзү боюнча уюлдук байланыш кызматын колдонгон 5 миллиардга жакын абонент бар. Мына ушундан пайдаланып, баарына эле белгилүү болгондой, антивирус чыгаруучу компаниялар эки топко бөлүнүп иштешет. Бири вирус чыгарса, экинчи топ антивирус чыгарып сатуу менен алектенип пайда табышат.

Бүгүнкү күндүн алмашкыс буюмдары: СКАЙП, БЛЮТУЗ, СЕНСОРДУК ЭКРАН


БЛЮТУЗ ЭМНЕ ҮЧҮН КӨК ТИШ БОЛУП КАЛГАН? Блютуз бул – персоналдуу түйүндөр ичинде электр өткөргүчсүз туташтыруучу каражат. Аны 1998-жылы «Ericsson», «IBM», «Intel», «Motorola», «Nokia» жана «Toshiba» компаниялары биргеликте иштеп чыккан. Англис тилинен кыргызчага «көк тиш» деп которулат («Blue» – «көк», «tooth» – «тиш»). Ал Х кылымда жашап өткөн падыша Харальд Блютуздун лакап атынан аталып калган. Анткени Харальд өз учурунда Даниянын майда урууларын чогултуп, аларга Норвегия, Швециянын башын кошуп бир падышалыкка айланткан. Азыркы биз билген блютуз дагы көптөгөн маалымат каражаттарынын башын бириктирип, бир бүтүнгө айландыра алат.
Блютуздун логотиби скандинавия руналарынан турат.
(хагаль) латынча «Н» (Harald) жана (берканан) латынча «В» (Bluetooth).
Башында блютуздун маалымат берүү ылдамдыгы секундасына 720 Кбит болуп, байланыш аралыгы 10 метрди түзгөн. Бара-бара өнүгүп отуруп, азыр маалымат берүү ылдамдыгы секундасына 3 Мбитке жетти. Бул Блютуздун башка мобилдүү каражаттар менен 100 метр аралыкта байланыш түзүү мүмкүнчүлүгүн камсыздады. Блютуз аркылуу көптөгөн маалыматтарды башка бир компьютерге же телефонго көчүрүүгө болот. Ал үчүн экөөндө тең блютуз программасы иштеп турушу зарыл.
СКАЙП – МЫКТЫ ВИРУС ТАРАТУУЧУБУ? Скайп бул – интернет аркылуу байланыштыруучу бекер программа. Бул программаны колдонуу үчүн интернетке туташкан компьютер жана камера гана керектелет. Программа «Скайп Лимитед» («Skype Limited») компаниясы тарабынан 2003-жылы иштелип чыккан.
Бул программанын жардамы менен жалгыз гана кат, файл алмашуу гана эмес, маектешиңиздин жүзүн экрандан көрүп, үнүн угуп сүйлөшүүгө да мүмкүн. Андан тышкары программада 25 кишиге чейин чогулуп сүйлөшүүгө (конференция) шарт түзүлгөн. Бул программаны тыңшоого алууга жана тыштан көрүүгө мүмкүн эмес. Дал ушул касиети аны күндөн-күнгө популярдуу кылууда.
Дүйнөдөгү вируска каршы белгилүү программанын автору Крис Касперскискайптын көп кабаттуу, шифрленген системадагы кара куту экендигин айткан. Анын пикиринде маалымат алмашуу жабык протокол аркылуу ишке ашкандыктан, аны токтотууга жана тазалоого мүмкүн эмес. Ал мындай кемчиликтери скайпты эң мыкты вирус таратуучуга айландырып жатканын айткан.
СЕНСОРДУК ЭКРАН КАНДАЙ ЫҢГАЙСЫЗДЫКТАРДЫ ЖАРАТАТ?Сенсордук экран бул – экран түрүндөгү маалымат алмаштыруучу координаттык түзүлүш.
Сенсордук экранды биринчи жолу АКШда 1972-жылы «плато IV» компьютердик системасында колдонушкан.
Мындай экран абдан сезгич келип, экранга кол же стилус тиери менен ишке киришет. Стилус бул – атайын сенсордук экранды басуу үчүн ойлонуп табылган таякча. Аны менен иштөөдө экран чийилбейт. Сенсордук экран чөнтөк телефондордо, банкоматтарда, ишкана жабдыктарында да кеңири пайдаланылып келет.
1971-жылы Сэмюэл Херст тарабынан ойлонуп табылган. 1982-жылы «Элографикс»(«Elographics») компаниясы бүткүл дүйнөлүк көргөзмөгө биринчи жолу сенсордук экрандуу сыналгыны чыгарган. Ал эми 1983-жылы «HP-150» аттуу биринчи сенсордук экрандуу компьютер жарыкка чыккан.
Жакшы жактары:Клавишалар жок болгондуктан, экран максималдуу түрдө чоң болот.
Чаң, суу жана башка сырттагы жаман нерселер аппараттын ичине кире албайт.
Жаман жактары:Көп энергияны сарптайт.
Колдун көлө­көсү түшүп, экран толук көрүнбөй калат.

УЮЛДУК ТЕЛЕФОНДУН ОПЕРАТИВДИК СИСТЕМДЕРИНИН КАЙСЫНЫСЫ МЫКТЫ?


Учурда жаш баладан тарта карыларга чейин уюлдук телефонду колдонууну мыкты өздөштүрүп, добуштук байланыш, СМС-билдирүү жиберүү, оюн ойноо, интернетке кирүү сыяктуу кызматтарын пайдаланып калышты. Мына ушул кызматтардын баары оперативдик системдин аркасы менен ишке ашат. Бул эмне деген сөз экенин техниканы түшүнгөн адамдар гана айырмалап билбесе, көпчүлүк биле бербейт. Андыктан бүгүнкү сөзүбүз ушул оперативдик систем жөнүндө болмокчу.
Оперативдик систем (ОС) – компьютер, коммуникатор (телефондун кызматтары кошулган кичинекей компьютер), уюлдук “акылдуу телефондор” (смартфон), GPS-навигатор жана башка түзүлүштөрдүн программаларын камсыздап, алардын иштөөсүн жөнгө салат.
Учурда көптөгөн оперативдик системдер бар. Алардын ичинен уюлдук жана “акылдуу телефондорго” ылайыкталгандарынын негизгилери: Symbian, Windows Mobile, Android жана iOS. Булардын айырмачылыктары эмнеде?
ANDROIDБул оперативдик систем 2012-жылдын
экинчи 3 айлыгынын жыйынтыгы менен дүйнөлүк базардын алдыңкы сабына чыга алды. Артыкчылыктары алда канча көп экендиги кардарлардын санын арттырган.
Артыкчылыктары: • Көптөгөн интернет түйүндөрүнүн кызматтарына кошулган.
• Бул оперативдик системдин үчүнчү тараптан каалаган программаларды, оюндарды жүктөп алууга, өзүндөгүлөрдү өчүрүп салууга мүмкүнчүлүгү бар. Алардын саны 200 миңден ашык.
• Картадан жүргөн дарегиңизди, ошол аймактын аба ырайын аныктап, жергиликтүү ресурс, сервистерине кирүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
• Видеобайланышты камсыздайт.
• Үн аркылуу текст жазууга болот.
• Программаларды аткарууда тез иштейт.
• Мультимедиялык Flash платформасы бар. Бул интернеттен онлайн режимде видео көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
• Эсин кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк бар.
• Каражаты үнөмдүү телефондорго орнотулат да, баасы арзаныраак болот.
• Оперативдик системди жаңылоого мүмкүн.
Кемчиликтери:• Зарядды көп сарптайт. Анткени интернетке ылайыкталгандыктан, дайыма иштеп турат. Мисалы, интернетти өчүрүп салбасаңыз, аба ырайы, кайсы жерде жүргөндүгүңүз тууралуу маалыматтар өз алдынча жаңылана берет.
• Техникалык жактан көп түшүнүгү жок колдонуучуга кызматтарды колдонууда кыйынчылык жаратат.
• Вирустарга көп кабылат.
SYMBIANЭгер уюлдук телефондон көп сүйлөшүп, ал эми интернетке кирүү, башка программа, оюндарды жүктөөнү жактырбасаңыз, анда бул оперативдик систем сизге ыңгайлуу. Колдонуу да жөнөкөй. Зарядды үнөмдүү сарптайт. Көп убакыт сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк берет. Java программасын толугу менен окуй алат. Бирок программаларды иштетүүдө жай иш алып баргандыктан жана колдонууда түшүнүүгө оор болгондуктан, учурда уюлдук телефон чыгаруучу компаниялар бул системден баш тартып коюшкан. Эске салсак, буга чейин “Нокиа” компаниясы телефондоруна Symbian оперативдик системин орнотуп келген. 
APPLE IOSЭлектрондук техникаларды өндүргөн “Apple” корпорациясынын өздүк оперативдик системи. Бул оперативдик систем аталган корпорациянын гана техникаларына орнотулат.
Артыкчылыктары:• Колдонууга оңой жана түшүнүктүү. Ичиндеги кызматтарды колдонуу ашыкча түйшүктү талап кылбайт.
• Интернетке кирүү жогорку ылдамдыкта.
• Программалардын иштөөсүн тез аткарат.
• Программа, оюн жана башкаларды жүктөөдө вирус кирип кетүү коркунучу жокко эсе.
• Оюндары, программалары сапаттуу.
• Android’ге салыштырмалуу энергияны аз сарптайт.
• Оперативдик системди жаңылоого мүмкүн.
• Картадан жүргөн дарегиңизди, ошол аймактын аба ырайын аныктап, жергиликтүү ресурс, сервистерине кирүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
• Видеобайланышты камсыздайт.
Кемчиликтери:• Аталган оперативдик систем бир гана “Apple” корпорациясынын телефондоруна орнотулат.
• Программа, оюн жана башкаларды жүктөө үчүн корпорациянын өндүргөн продуктыларын гана жүктөөгө болот, ошондой эле алардын баасы башкаларга салыштырганда кымбат турат.
• FM радио жок.
• Видеолордун көпчүлүк форматын окуйт. Ал эми flv форматындагы видеону көрсөтө албайт. Бул үчүн атайын программа орнотуу зарыл.
• Блютузду иштетүү үчүн да атайын программа орнотуу талап кылынат.
• Кошумча эс (флешка) туташтырууга мүмкүн эмес.
• Кошумча интернет түйүндөрүнүн кызматтары туташтырылган эмес.
WINDOWS MOBILEБул кадимки компьютерге орнотулуучу Windows программасынын телефонго ылайыкталган оперативдик системи.
Артыкчылыктары:• Интернеттен тартып, офистик Word, Excel, PowerPoint программаларында кадимкидей иштөөгө болот.
• Негизги бетке бардык ярлыктарды коюуга болот. Бул керектүү маалыматтарга кирүүнү тездетет.
• Мультимедиалык Windows Media Player менен жабдылган.
Кемчиликтери:• Бул оперативдик системге ылайыкталган программалардын саны аз.
• Кошумча интернет түйүндөрүнүн кызматтары туташтырылган эмес.

ГАДЖЕТ ДЕГЕН ЭМНЕ?


Акыркы мезгилде бизге мурун тааныш болбогон сөздөр көп кездешчү болду. Алардын бири – гаджет. «Мунусу эмнеси?» дегендер бар. Алар – күнүмдүк турмушта колдонуп жүргөн эле буюмдардын жалпыланган аталышы. 

21-кылым – жогорку технологиялардын кылымы экени белгилүү. Буга далил катары компьютерди алсак болот. Ал эми компьютердин өнүгүшүнө байланыштуу ар кандай кошумча каражаттар да пайда боло баштады. Мисалы, флешка, USB кабель, Web камера, наушник сыяктуу нерселер. Мына ушулардын баары гаджет деп аталып жүрөт.
Гаджет – салмагы 300 граммдан ашпаган кичинекей прибор. Француз тилинен которгондо «gachette» – илмек, каамыт (бирдемени бекитүү үчүн колдонула турган шакек сыяктуу нерсе), башкача айтканда, туташтыргыч, байланыштыргыч дегендей маанини берет.
Гаджеттер чектелген гана бир функцияны аткарып, өз алдынча иштей албайт. Адатта, компьютерге же башка техникага туташканда гана иштей алат. Өзүнүн энергия булагына ээ эмес, кайсыга туташса, ошондогу энергияны колдонот.
Бирок азыр ар кандай күлкүлүү же оригиналдуу электрондук буюмдарды да гаджеттер деп атап коюп жүрүшөт. Андайлардын катарын асмандагы жылдыздарды элестеткен түнкү лампалар, эртең менен ойгото турган маалга келгенде үнү катуу чыгып бөлмөнү айланып качкан сааттар да толуктайт.
Андан тышкары телефо­нуңуз­да­гы же компью­те­риңиздеги кошумча функцияны да гаджет (виджет) деп атоого мүмкүн. Мисалы, аба ырайын, валюта курсун көрсөтүүчү атайын программалык тиркеме.

 

Эн популярдуу оюндар-Андроид учун.



Subway Surfers Rio / Rome / Sydney / TokyoSubway Surfers Rio / Rome / Sydney / TokyoКатегория / Жанр - Аркады, Шутеры, HD, 3D10-02-2013, 19:55 от Norco241584
Cut the Rope: ExperimentsCut the Rope: Experiments - Эксперименты над Ам НямКатегория / Жанр - Игры, Логические, HD31-12-2012, 15:03 от Normal387
Angry Birds Star Wars HDAngry Birds Star Wars HDКатегория / Жанр - Игры, Аркады, HD30-12-2012, 16:32 от andrey2011286
The Sims™ FreePlayThe Sims™ FreePlay - Симс скачатьКатегория / Жанр - Игры21-05-2012, 22:14 от Normal284
Talking Pierre the ParrotTalking Pierre the Parrot - Говорящий попугай ПьерКатегория / Жанр - Игры10-03-2012, 19:54 от Normal226
Talking Tom & Ben NewsTalking Tom & Ben News - Том и Бен телеведущиеКатегория / Жанр - Игры22-05-2012, 17:39 от Normal200
MinecraftMinecraft - Pocket Edition - Строй где хочешь!Категория / Жанр - Игры, Аркады, Квесты, 3D22-11-2012, 02:38 от Normal203
Grand Theft Auto: Vice CityGrand Theft Auto: Vice CityКатегория / Жанр - Шутеры, Гонки, Квесты, 3D19-12-2012, 06:00 от Moogmac202
The Amazing Spider-ManThe Amazing Spider-Man - Удивительный Человек-ПаукКатегория / Жанр - Аркады, HD28-06-2012, 20:57 от Norco24188
The Conduit HDThe Conduit HD - Захватывающий шутер для Андроид!Категория / Жанр - Игры, Аркады, Шутеры, HD16-03-2013, 11:20 от Roulf

Как закачать музыку на iphone?


Как закачать музыку на iphone?
1) Открываем программу iTunes. Нас приветствует окно, в котором показываются все нововведения новой версии программы. Выбираем в нижней части вариант “Принимаю” и двигаемся далее. Далее откроется раздел музыка и предложение поискать медиа файлы. Но мы этот вариант не выбираем, нам ведь не нужны на нашем устройстве вся та куча песен, что на вашем компьютере, а только избранные песни, поэтому далее к следующему пункту.
(Если же вы не в первый раз открываете новую версию iTunes, то просто в верхнем левом углу нажимаем на кнопку “Музыка”, далее по инструкции)
Как закачать музыку на iphone?
2) Итак, мы видим подраздел “музыка”, и песен в нем нет. Теперь давайте добавим вашу музыку. Для этого, сначала, смотрим уже в левый верхний угол и жмем на него, далее в появившемся всплывающем меню выбираем “Добавить файл в медиатеку”.
Как закачать музыку на iphone?
3) Выбираем всю музыку, которую вы впоследствии хотите закачать на iPhone и нажимаем “Открыть” (можно выбирать как отдельные файлы, так и целые папки с альбомами).
4) Теперь медиатека сформирована и можно её просмотреть. Она открывается по-умолчанию при открытии приложения, но если у вас не показываются ваши добавленные музыкальные композиции, то просто нажмите слева сверху на кнопку (это могут быть “Фильмы”, “Телешоу”, “Книги”, “Программы”, “Домашняя коллекция”) и выберите из всплывающего списка “Музыка“. И вы увидите все ваши файлы.
Как закачать музыку на iphone?
Как закачать музыку на iphone?
5) Теперь, когда наша медиатеки сформирована, подключаем iPhone к компьютеру. Ваше устройство после подключения к компьютеру отобразится в правом верхнем углу. Жмите на него.
Как закачать музыку на iphone?
Теперь идем в раздел “музыка”, нажав по одноименной кнопке.
Как закачать музыку на iphone?
6) В поле синхронизации выбираем вариант “Всю медиатеку”. (Но если вы перед эти всё же сняли галочки с некоторых песен по каким-то причинам, то не спешите выбирать, прочитайте дальше).
Как закачать музыку на iphone?
Если же вы сняли галочки с каких-либо композиций, то выбираем вариант “Избранные плейлисты, артисты, альбомы и жанры”.
7) И финальный аккорд – нажимаем в нижнем правом углу кнопку “Синхронизировать”.
Как закачать музыку на iphone?
Вот и всё! Теперь ждем завершения синхронизации и наслаждаемся музыкой на вашем iPhone!
P.S. И естественно, в дальнейшем, если вы будете вносить какие-то изменения в медиатеку, то на вашем устройстве изменения будут вступать в силу только после синхронизации с компьютером.

Как удалить музыку с iPhone

Добавили лишние файлы? Как удалить музыку с iPhone и из медиатеки, при этом не удаляя со своего компьютера?
Всё просто: Все файлы, которые добавлены в медиатеку, выделены галочкой.
Как закачать музыку на iphone?
Эти галочки созданы для обозначения того, что песня будет синхронизирована с устройством. Если вы не хотите, чтобы какая-то конкретная песня была на вашем устройстве, то просто снимите с неё галочку, нажав на неё.
Хотите безболезненно удалить композицию из медиатеки?Просто нажмите правой кнопкой мыши по выбранной для удаления песни и во всплывающем списке выберите “Удалить”.
Как закачать музыку на iphone?
Программа предупредит вас, что песня будет удалена из ваших устройств при последующей синхронизации, выбираем “Удалить песню”.
Как закачать музыку на iphone?
Песня(и) будут удалена(ы) при последующей синхронизации с устройством. Только, как вы уже догадались, если просто снять галку с выбранной песни, то композиция останется в медиатеке, а если её удалить, то и в медиатеке её не будет.
Про удаление с компьютера можете не волноваться – iTunes создаёт свою папку, в которой он и хранит все те песни, которые есть у вас в медиатеке, при этом он как бы делает копию песен, поэтому теперь ваши композиции есть у вас в том месте, где они у вас всегда и были и ещё в папке, которую создал iTunes. Естественно ничего из это папки не удаляем.
Так же есть одно но:
если вы вдруг не увидели привычное название ваших песен (то есть не так, какое у него было записано имя файла), то не пугайтесь: в iTunes берет информацию из тегов файла и всё распределяется по графам: “Название”, “Длительность”, “Артист”, “Альбом”, “Жанр”, “Рейтинг”, “Воспроизведение”.
Как закачать музыку на iphone?

Как закачать музыку на iPhone в старом iTunes

1) В iTunes нажмите файл > добавка файла в медиатеку. Найдите и добавьте свои композиции в открывшемся окне.
Как закачать музыку на iphone?
2) Музыка добавлена в медиатеку, теперь откройте вкладку iPhone:
Выберите всю музыку и просто нажмите “Синхронизировать”:
Всё, теперь в своём iPhone открывайте “iPod” и наслаждайтесь музыкой.
Как закачать музыку на iphone?
Чтобы удалить музыкальные файлы, откройте в медиатеке iTunes папку “Музыка” и удалите ненужные файлы. Откройте в Тунце телефон, выберите вкладку “Музыка”, нажмите кнопку синхронизации.